Домой Саясат Д.Үсөнов жоопкерчиликтен кутулбайт

Д.Үсөнов жоопкерчиликтен кутулбайт

7

Данияр ҮсөновМурдагы баш бакан Данияр Үсөнов Бишкек мэри кезинде «Ю-Ти-Ай Глобал» компаниясына Ататүрк сейилбагынан мыйзамсыз жер тилкесин бергени үчүн Биринчи Май райондук соту тарабынан 15 жылга сыртынан эркинен ажыратылган эле. Ага Кылмыш жаза кодексинин 304-305-беренелеринин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «КРнын жер мыйзамын бузуу»)   негизинде кылмыш иши ачылганы маалым.

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы бул маселени карап, Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырганын прокурор Акылбек Бакачиев билдирди. Данияр Үсөнов кайсы жакта жүрбөсүн жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Ал Кыргызстанга келээри менен темир торго тыгылары айтпасак деле түшүнүктүү.

Айбат гезити №115