Домой Негизги Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды

Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды

20

Үсенов

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнь күнү Үсөнов Данияр Токтогуловичке карата өкүмүн угузду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, Д.Үсөнов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылга жана 305-2-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде дайындалган жазалардын бөлүктөрүн кошуу жолу аркылуу, акыркы чечим менен Д.Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө он беш жылга эркинен ажыратылды.

Д.Үсөновго карата кабыл алынган баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды.

Өкүм жарыяланган күндөн тартып Бишкек шаардык сотунда 10 күндүн ичинде даттанууга жатат.

Булак : Баракелде