Домой Коом Дарыгерлердин айтуусунда кара тумоого чалдыккан дагы башка адамдар бар

Дарыгерлердин айтуусунда кара тумоого чалдыккан дагы башка адамдар бар

8

врачКара тумоо илдетинен улам каза болгон өспүрүм менен байланышкан адамдардын биринин дароо температурасы жогорулаган.Дарыгерлер кара тумоодон көз жумган бала менен байланышкан жергиликтүү тургун бул ооруну жуктуруп алган деп шек санашууда. Учурда ал бейтаптын температурасы жогорулап, ооруканада текшерүүдөн өтүүдө. Дарыгерлер температура жогорулоо- бул кара тумоонун алгачкы белгилери экендигин айтышат.

Учурда кар тумоо илдетине кабылган деп шектелип жаткан адамды текшерип, диагнозун аныктоо үчүн анализ алынган. Карантин жана тез жугуучу ооруларды алдын алуу боюнча республикалык борбордун кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Каракол шаарынан келип түшкөн маалыматтарга караганда кара тумоодон улам каза болгон бала менен жакындан байланышкан адамдардын саны 135ге жеткен. Учурда алардын саны өсүп, бир нечесинин температуралары жогорулоодо.

Эске салсак, 22-августта Каракол шаардык ооруканасында Ак-суу районунун Ичке-Жергез айылынын тургуну 15-жаштагы Темирбек Исакунов кар тумоодон (бубон чумасы) улам көз жумган. Учурда аны менен жакындан байланыш түзгөн адамдар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. Аталган аймакта 30-августтка чейин карантин жарыяланып, дезинфекцилоо иштери жүрүп жатат.