Домой Маек Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, тарыхчы: “Президенттин мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу...

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, тарыхчы: “Президенттин мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу жакшы жышаан”

3

Дастан Сарыгулов– Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” көрүстөнүндө 1916-жылкы үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплексин куруу боюнча жарлыкка кол койду. Президенттин мындай чечими туура эле болдубу?

– Албетте бул иш чаранын мааниси биз үчүн өтө чоң. Ар бир улут өзүнүн тарыхын терең билүү, изилдөө аркылуу көз карандысыздыгын камсыздайт. Президенттин бул мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу өтө жакшы жышаан. Ошондуктан бул иш чара башталып жаткандыктан жакшы маани берип, жакшы уюштуруп алышыбыз керек. Ал жерде кандай гана ой сакталган, саясат жаткан, ошонун баарын биз кийинки урпактарга жеткиришибиз керек. “Ата-Бейитте” мемориалында кыргыздын куту сакталып жатат.

– Жарлыкта белгиленгендей, 2016-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу кыргыз  мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эсибизден чыгарбай  түбөлүккө сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген. Үркүндүн 100 жылдыгына карата бийликтин жасап жаткан иштерин кандай баалайсыз?

– Бул окуянын негизи кыргыз элине тийгизген терс таасири өтө чоң. Ошол кездеги эки тараптуу келишпөөчүлүктүн айынан миңдеген кыргыздар курман болушту. Убакыт өттү, мунун баары артта калды. Ошону биз урпактарыбызга кантип айтып, кантип эскерип кетишибиз керек. Президентибиз мындай аракеттерди жасап, көтөрүп жаткандыгы эң туура. Ошондуктан биз бул эскерүүнүн негизги маанисин туура сактап, жакшы уюштуруп алсак болгону.

Айбат гезити №141