Домой Экономика Декабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт, – Кыргызстандын нефтетрейдерлер...

Декабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт, – Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы

2

ЗаправкаДекабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт. Бул тууралуу 2-декабрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, декабрда суроо-талаптардын көптүгүнө жана нефти өндүрүүчү заводду оңдоп-түзөөдөн кийин иштетүүгө киргизүүгө байланыштуу орусиялык рынокто дүң баалардын төмөндөшү болжолдонууда. «Ошондой эле нефтинин арзандашы боюнча фактор иштей баштады. Ушул жылдын 30-ноябрынан баштап АИ-80 үлгүсүндөгү бензинге баа 0,5 сомго арзандады, жайкы дизелдик отун — 1 сомго, ал эми кышкысы – 3 сомго төмөндөдү.Төмөндөөнүн экинчи этабы 15-декабрда болжолдонууда, бирок бул жерде валюта курсунун өйдө-төмөн болушун да эске алуу керек», – деди Ассоциация президенти.

М.Керимкуловдун айтымында, 2014-жылдын 11 айында Кыргызстанга жалпысынан 1 млн. 81 миң тонна нефти импорттолгон, анын ичинен 577 миң тоннасы – бензин, күйүүчү май – 504 тонна. «Ички рыноктун керектөөсү 1 млн. тонна деп эсептесек, план 150-200 тоннага ашыкча аткарылып, өлкө нефти менен толук камсыздалды десек болот», – деди ал.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №107