Домой Негизги Дэниел Розенблюм, АКШ мамкатчысынын жардамчысы: “Оппозицияны эптеп-септеп кабыл алып койдук”

Дэниел Розенблюм, АКШ мамкатчысынын жардамчысы: “Оппозицияны эптеп-септеп кабыл алып койдук”

5

Дэниел РозенблюмБОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) лидери Равшан Жээнбеков баштаган 14 оппозиционер АКШга жасаган сапары жемиштүү болгонун, бир катар жооптуу жетекчилер менен жолугушканын мактана маалымат каражаттары аркылуу жар салышты. А турмуш жүзүндө бул БОКчулардын кезектеги пиар жүрүшү экени ашкереленди. Америка мамкатчысынын жардамчысы Дэниел Розенблюм жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде муну катардагы жолугушуулардын бири катары санаган. «Мен парламент мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолуктум. Жолугушуу менимче эки жума мурда болду. Бул коомдун ар кыл көзкараштагы өкүлдөрүн уга турган катардагы жолугушуулардын бири болду. Дагы бир жолу кайталайм, бул катардагы жолугушуу» дейт ал.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы өзү оппозицияны салкын кандуу кабыл алып, көңүлдөрү калбасын деп сүйлөшүп койгону – Равшан Жээнбеков жетектеген БОКко океандын ары жагы дагы сыртын салып калганын айгинелебейби? Өз элинен колдоо таппай, сырткы күчтөргө үмүт арткан оппозициянын келечеги бүдөмүк го, ыя?

Айбат гезити №115