Домой Саясат Депутат Ч.Султанбекова Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчулары иш таштагандыгын маалымдады

Депутат Ч.Султанбекова Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчулары иш таштагандыгын маалымдады

0

Султанбекова ЧолпонБаткен облусунун Кадамжай сурьма комбинатынын кызматкерлери 16-сентябрдан баштап иш ташташты. Бул маалыматты 19-сентябрда Жогорку Кенештин пленардык жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова билдирди, деп маалымдады ЖКнын «Республика» фракциясынын катчылыгы.Депутат, жумушчулар комбинаттын жетекчилерине экологиялык абал, айлык акыны көтөрүү боюнча шарттарды койгондугун маалымдады.«Комбинатта тазалык ченемдери бузулуп, калдыктар атайын сактоочу жайга ташталбастан, комбинаттын аймагындагы аянтчага ташталып жатыптыр», – деди эл өкүлү.Ч.Султанбекова, комбинатка жакын жайгашкан айылдарда жарандар аз кандуулук, зоб, тери оорулары, инфекциялык оорулар менен оруп жаткандыгын айтып, өкмөт бул маселеге көӊүл бурууну өтүндү.

Айбат гезити №46