Домой Экономика Депутат Ч.Султанбекова күйүүчү майдын кымбатташынан азык-түлүктүн дагы баасы көтөрүлгөнүнө тынчсызданууда

Депутат Ч.Султанбекова күйүүчү майдын кымбатташынан азык-түлүктүн дагы баасы көтөрүлгөнүнө тынчсызданууда

2

Султанбекова ЧолпонЖогорку Кенештин «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова 10-октябрдагы парламенттин жыйынында Баткен областынын Кадамжай районунда күйүүчү майдын баасы дагы деле кымбаттап жаткандыгын эскертип, өкмөт бул маселеге чара көрүүсүн суранды, деп билдирет Жогорку Кенештин «Республика» фракциясынын катчылыгы.

Депутат, аталган райондо күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынан азык-түлүктүн дагы баасы 20-30%га көтөрүлгөндүгүн билдирди. «Күйүүчү майдын тартыштыгы байкалып, солярка Тажикстанга жана Өзбекстанга өтүп кетип жатат. Азык-түлүктүн дагы кымбаттаганы жакшылыктарды алып келбейт, эл буга нааразы болуууда», – деди эл өкүлү.

Айбат гезити №49