Домой Саясат Депутат И.Карамушкина мыйзамсыз иштерге барган партиялаштарын жоопко тартууну өтүндү

Депутат И.Карамушкина мыйзамсыз иштерге барган партиялаштарын жоопко тартууну өтүндү

4

Карамушкина ИринаКСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Башкы прокуратурадан жана УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынан, кандайдыр бир махинацияларга катышы бар партиялаштарын жоопко тартууну өтүндү. Бул тууралуу 10-октябрда ЖКнын жалпы жыйынында белгилүү болду. Анын пикиринде, эч кимге деле сыр эмес, көпчүлүк учурларда саясатчылар өздөрүнүн макамдарына жамынып алышып, ар кандай махинацияларды жүргүзүшөт. «Ушундай мыйзамсыз иштерге барган биздин партиялаштарды кылмыш жообуна тартууну өтүнөм. Биз өзүбүздүн катардан партиянын үч мүчөсүн чыгардык», – деп билдирди эл өкүлү.

Айбат гезити №49