Домой Коом Депутат малчыларга жеңилдетилген жол менен курал берүүнү сунуштады

Депутат малчыларга жеңилдетилген жол менен курал берүүнү сунуштады

5

Узакбаев Таланбек28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынан депутат. Талантбек Узакбаев малчыларга жеңилдетилген жол менен курал берүүнү сунуштады. Эл өкүлү учурда жер-жерлерде карышкырлардын көбөйүп жаткандыгы малчылар үчүн кооптонууну жаратып жаткандыгын айтты. “Карышкырлар адамдарга чейин кол салып жатат. Аңчылар барып 1-2 күн жүрүп кетип калып жатышат. Бирок андан абал өзгөргөн жок. Андыктан малчыларга жеңилдетилген жол менен курал берүү керек”,- деди депутат.

Айбат гезити №55