Домой Коом Депутат Надира Нарматованын кызматтык машинасы аварияга учурап, каза болгондор бар

Депутат Надира Нарматованын кызматтык машинасы аварияга учурап, каза болгондор бар

15

Надира нурматоваКечээ, 21-июлда жергиликтүү убакыт боюнча 13.50. дө Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын0032 KG номерлүү кызматтык машинасы Токтогул районунун Чычкан капчыгайында, Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымында оор жүк ташуучу «Вольво»  S 1012 АL номерлүү машина менен катуу кагышып, аварияга учураган. Кырсыктан депутаттын айдоочусу, 1984-жылы туулган Мээримбек Нурдинов жана анын жанында бараткан 1959-жылы туулган жаран Медербек Шакиевдер каза болушкан. Башка дагы 3 жүргүнчү Кызбурак Гаипкулова, Мээрим Токторбекова, жана Дильяна Жунусовалар Токтогул райондук оруукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилилген.

Ал эми депутат Надира Нарматова машинада жок болуп чыкты. Адатта депутаттар түштүккө барарда кызматтык машинасын Төө-Ашуу аркылуу жөнөтүп коюп, өздөрү артынан самолет менен Ошко учуп барушчу. Бу жолу да ошондой болсо керек.  Авария тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы да ырастады.

 – KyrgyzToday.kg