Домой Коом Депутат россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты

Депутат россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты

3

мигрант28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу Россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты. “Алар министрлер келип бирди айтса, орун басарлары келип башка нерсени айтып жатат деген нааразы пикирлерин билдирип жатышат. Ошондой эле алар иш сапарына келген депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү биринчи мигранттар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн толук угуп, андан соң ал мамлекет менен сүйлөшүү жүргүзүшсө натыйжалуу боло тургандыгын айтышууда”,- деди ал. Ошондой эл эл өкүлү мигранттар Саламаттык сактоо министрлигине нааразы болуп жаткандыгын маалымдады. “Алар Россиядагы Кыргызстандын мигранттары үчүн медициналык пункт ачып беребиз деп убада кылып, бирок иш аткарылбаптыр”,- деди ал.

Айбат гезити №55