Домой Саясат Депутат Т.Мамытов сотторго: Саясий буйруктарды аткарбай, мыйзамдуу иш алып баргыла

Депутат Т.Мамытов сотторго: Саясий буйруктарды аткарбай, мыйзамдуу иш алып баргыла

3

жогорку сот

Соттор саясий буйруктарды аткарбай, мыйзамдуу иш алып баргыла, деп билдирди «Ата Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытов бүгүн, 23-июлда «Ата Журт» фракциясынын 3 депутатын жана башкалардын сот процессин Жогорку сотто кароо учурунда.

Ал соттун ишти карап, объективдүү баа беришинен шектенип жатканын билдирди.

«Адвокаттарга дагы иш менен таанышып чыгыш үчүн убакыт бериш керек. Мыйзамдуу иштегиле урматтуу соттор. Адилет, акыйкаттуулугуңарды көрсөткулө. Саясий буйруктарды аткарбай, мыйзамдуу иш алып баргыла. Биздин адвокаттар келбей калса, силер мамлекеттик адвокаттарды беребиз деп жатасыңар. Алар Башкы прокуратуранын даярдаган адвокаттары», – деди ал.

Т.Мамытов кошумчалагандай, ушул процесске убагында саясий баа берилет. «Менин адвокатым 35 күн сураса, силер 1 жума коюп атасынар. Сот процессин алып барып жатканыңар менен өзүңөрдүн деңгээлиңерди көрсөтүп жатасынар», – деди депутат.

Сот депутаттардын адвокаттарынын өтүнүчүн караганы кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.