Домой Саясат Депутат Т.Шайназаров конфискацияга алынган мүлктөрдү сатып, бюджетти толтуруу сунушун айтты

Депутат Т.Шайназаров конфискацияга алынган мүлктөрдү сатып, бюджетти толтуруу сунушун айтты

6

Тынчтык ШайназаровДепутаттар көтөргөн бардык маселелер барып-келип эле каржы маселесине такалат. Бул тууралуу 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү» депутаттык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, дайым эле бюджеттин тартыштык маселеси көтөрүлүп келет. «Мен батымдуулук менен айта алам, өкмөт бул маселени чечүү үчүн эч кандай аракеттерди көргөн жок. Бүгүн, мамлекетте конфискацияга алынган көптөгөн мүлктөр бар. Мисалы, Баткен облусунда кармалган көп күйүүчү-майлоочу майлар – бензин, солярка бар. Алар ал жакта эки жыл сакталат, ал жакта миллиондогон сомдук мүлктөр бар. Эмне үчүн ошолорду сатканга болбойт? Бишкекте конфискацияланган мүлктөр, баалуу объектилер көп», – деди ал.

Т.Шайназаров аталган маселени Сот департаментине жана Каржы министрлигине тапшырууну өтүндү. «Муну бюджетти толтуруу булагы катары пайдаланса болот», – деп кошумчалады депутат.

Айбат гезити №49