Домой Саясат Депутат түндүк-түштүк альтернативдик жолунун маанилүүлүгүн айтты

Депутат түндүк-түштүк альтернативдик жолунун маанилүүлүгүн айтты

9

Исаев Жусупали28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында түндүк менен түштүктү байланыштыруучу альтернативдик жолду куруу жөнүндө макулдашуу талкууланып жаткан учурда КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев Кыргызстанда биринчи жолу 2-категориядагы жолду куруу пландалып жаткандыгын айтып, бул макулдашууну колдоо зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, бул жолдун курулушу менен Нарын жана Ысык-Көл облустарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. “Альтернативдик жол аркылуу Кыргызстандын келечеги ачылат. Өлкөдө буга чейин 2-категориядагы жол болгон эмес. Андыктан бул макулдашууну колдоо керек”,- деди депутат.

Айбат гезити №55