Домой Коом Депутаттар аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунушташууда

Депутаттар аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунушташууда

0

ПАРЛАМЕНТБүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында, “Мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкуулап жаткан учурда КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлү учурда бул тармакта тиешелүү органдар өздөрү коррупцияга малынып жаткандыгын айтып өттү.

Кесиптешинин мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева колдоого алды.

“Кыргызстандын аймагындагы жаныбарларга аңчылык кылбоо үчүн 3-5 жылга мораторий жарыялаш керек”,-деди ал.жана ошондой эле Кыргызстанда 250дөн 280га чейин илбирс бар. Мындай маалыматты парламенттин жалпы жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджанов билдирди.

Анын айтымында, учурда кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү бул жаныбарларды сактап жана аларды коргоо боюнча иштер жүрүп жатат.