Домой Коом Депутаттарды актаган судьялардын бири чыгарылган чечимге каршылыгын билдирди

Депутаттарды актаган судьялардын бири чыгарылган чечимге каршылыгын билдирди

5

БаранчаеваБул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык сотунун судьясы Сания Бранчаева билдирди.

Анын айтымында, өкүм сот залында жана анын сыртында наарызычылык билдирип жүргөн элдин кысымы менен жасалды. «17-июнда биз тараптарды угуп, иш 24-июнга которуларын айтканбыз. Эл кыйкырып, бизге карата атырылып, коркутуп, бөтөлкө, бут кийим ыргыта башташты. Сүйлөшүү бөлмөсүнө кеткенибизде жана кайра чыгалы десек, эшикти сыртыбыздан бекитип, кармап турушуптур. Кесиптештерим чечимди бүгүн чыгаруу керектигин, атпесе эл сотту талкалай тургандыктарын айтышты. Анан кайрадан залга чыгып, соттолуучулардын акыркы сөзүн угуп, кайрадан өкүм чыгаруу үчүн кенешүүгө кеттик. Пикирлерибиз эки ача чыкты. Мен актоо чечимине макул болгон эмесмин, бирок көпчүлүк добуш менен депутаттар акталды. Мен бул боюнча «өзгөчө пикир» жазып, аны конвертке салып, чаптадым. Эгерде Жогорку сотто иш каралса, конвертти ошол жерден ачса болот», – деди Сания Бранчаева.

Ал кошумчалагандай, «өзгөчө пикир» документинде судья чыгарылган чечимге эмненин негизинде макул эместигин жана өз позициясын жаза алат. «Мени менен ал күнү иштеген судьялар да анда эмне деп жазылганын окууга укугу жок», – деди судья.

Булак : 24.kg маалымат агенттиги