Домой Шоубизз «До+Фа» тасмасынын экинчи бөлүгү тартылып жатат

«До+Фа» тасмасынын экинчи бөлүгү тартылып жатат

17

Чолпонай

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, учурдун эң актуалдуу тасмаларынын бири болгон «До+Фа» кинокомедиясынын экинчи бөлүгү азыркы учурда тартылып жаткан учуру.  Белгилүү болгондой, тасманын экинчи бөлүгүндө башкы ролдорду ошол эле актерлор-Чолпонай жана «Тамашоу» курама командасынын оюнчусу-Самат Эркинбеков жаратмакчы. Тасма күйөрмандары Доорон менен Фариданын сүйүүсүнүн уландысын жана ага коштолгон көптөгөн окуяларды көрө алышат.

Тасма ноябрь айында презентацияланып, прокатка чыгат. Эң кызыгы экинчи бөлүгүндө Чолпонай жана Самат баш кошушуп, тасмада «До+Фа=Свадьба» деп аталат. Буга кошумча тасмага «Большие люди» долбоорунун актерлору да тартылышат. Эскерте кетсек, музыкалык кинокомедиянын экинчи бөлүгүнүн продюсерлери Нурлан Мамакеев жана Эрнест Уметалиев.

Айбат гезити №47