Домой Саясат Досалиевдин эки жүздүүлүгү

Досалиевдин эки жүздүүлүгү

4

Досалиев НурланЖаштар министрлигинин статс-катчысы Нурлан Досалиев жакында кызматтан кете тургандыгы тууралуу кептер кызуу талкууга алына баштады. Себеби, бул азамат бир бутун бийлик үзөңгүсүнө илип, экинчи буту менен оппозициянын ордосуна тызылдап каттап, “Кумтөрдөгү” чыккан жол тосуунун арасында ар кайсы бурчтан кылак этип көрүнүп, көлдүктөрдүн колтугуна суу бүркүп жүргөнү, анын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп жатыптыр. Министрликке келип бирди айтып, оппозиция барып “мен силердин араңардамын, агентиңер болуп берейин”,-деп шугулданган экен, аны кулагы узун бирөөлөр эшитип бизге жеткирип келди. Оппозициянын айбаты бир аз күчөсө дыр коюп аркы жээкке өтө качып, жүзүн алмаштырган азаматтар арабызда көп экен.

Айбат гезити №48