Домой Маек Досалы Эсеналиев, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлү: “Шайлоого катышыш керек”

Досалы Эсеналиев, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлү: “Шайлоого катышыш керек”

3

Досалы ЭСЕНАЛИЕВ– Досалы мырза, бир катар саясий партиялар шайлоого бойкот жарыялап чыкты. Сиздер күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышасыздарбы?

– «Бир Бол» партиясы биринчилерден болуп БШКга  4-октябрдагы шайлоого катышуу билдирмесин тапшырды. Мыйзам боюнча талаптарды аткаруунун үстүндө азыр иш жүрүп жатат. Биздин партия шайлоого катышат. Ал үчүн съездге  даярдык иштер башталды.

– Негизи эле мындай кайрылуу менен чыккан партияларды буга чейин биринчи угуп жатабыз. Алар шайлоого катышууга чамасы жетпей ушундай жолдор менен өздөрүн таанытып алууну көздөп жаткан жокпу?

– Ар бир уюмдун, партиянын,  жарандын позициясын сыйлоо керек. Чынында биометрикалык маалыматтарды чогултууда өкмөт тарабынан көп эле кемчиликтер бар. Бул кемчиликтер массалык болуп, шайлоо өткөрүүгө кедергисин тийгизсе, анда өкмөт жооптуу болот. Мыйзам кабыл алынды, ага кол коюлду, биз ушул жол менен шайлоону өткөрүшүбүз зарыл. Шайлоо деген бул тандоо. Шайлоо өтпөй калса бийликте вакуум пайда болот. Ошондуктан шайлоого барыш керек, катышуу сөзсүз кажет. Башка маселе шайлоонун таза өтүшү, бул бийликтен көзкаранды. Ар бир партия, жарандык коом шайлоону таза  өткөрүүгө бекем туруш керек.

Айбат гезити №139