Домой Саясат Дүйшөн Ирсалиев: “Келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу”

Дүйшөн Ирсалиев: “Келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу”

5

«Эгерде кайсы бир партиядан чыккан талапкер өз чөнтөгүнөн акча чыгарып жолго асфальт төшөп берсе, бул жалган сөз. Булар шайлоонун убагы келгенде ар кайсыны жазадык деп жатат. Бирок андай эмес. Мунун баарын мамлекет жазап жатат. Жолдорду, мектептерди мамлекет жазап жатат. Азыркы келаткан партиялар мамлекеттин ырыскысын жеп, эми силерге чачып, силерди сатып алып жатат. Алган акчаңар күнүмдүк. Бирок алар 5 жыл бою өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ошого сиздерден бирден бир сураанарым алданбагылачы, келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу» – деди Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна караштуу Семиз Бел айылынын шайлоочулары менен жолугушуу учурунда. Жолугушуу учурунда суроолор берилип, Семиз Бел айылында бала бакчасынын жоктугу да айтылды. Андан сырткары жаштарга спорт зал керектигин шайлоочулар айтышты. Дүйшөн Ирсалиев өз кезегинде колунан келгне жардамын аябаарын айтып кетти.

Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 2