Домой Коом Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна жаңы мектеп курулууга жардам берээрин айтты

Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна жаңы мектеп курулууга жардам берээрин айтты

15

СДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун эли менен болгон жолугушуусунда элдин бир топ көйгөйлөрүн укту. Кара Тоо айылынын эли айылдагы мектеп 1950-60-жылдары салынгандыктан, мектептин эскилиги жетип, мектептин имаратын кайра куруу керектигин айтты. Андан сырткары ар бир айылдагы таза суу маселесинин да чечилбей жатканы, айыл эли таза суудан кыйналып жатканын айтышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дүйшөн Ирсалиев мектеп курууга мамлекеттен акча каражат карала тургандыгын айтып кетти. «Менин колуман келген жардамымды аябаймын. Буюрса жакынкы аралыкта Кочкор районунун бардык жолдоруна асфальт төшөлөт. Мамлекет бул ишти эч кандай кадыр-колкосу жок эле кылат. Быйылкы жылы мамлекет тарабынан 5 миллиард акча каражаты которулду», – деди талапкер.

image-21-09-15-03-13-3