Домой Коом Дүйшөн Ирсалиев: “Маданиятты өнүктүрүүгө тийиштүү кадамдар ташталат”

Дүйшөн Ирсалиев: “Маданиятты өнүктүрүүгө тийиштүү кадамдар ташталат”

1

СДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Ирсалиев мырза Кочкор районун кыдырып, Кочкор элин партиянын программасы менен тааныштырып гана тим болбостон шайлоочулардын көйгөйлөрүн уга алды. Маданият кызматкери Кара Тоо айылындагы жарактан чыгып калганына көп болгон маданият үйүнүн кайра жаңыртылышына көмөк көрсөтүүсүн суранып, Дүйшөн Исмаиловичке кайрылганда, Дүйшөн мырза маданият үйүн курууга жардам болоорун айтты. «Маданият бул элдин салты, үрп-адаты болуп эсептелет. Ошондуктан, маданиятты өнүктүрүү үчүн тиешелүү кадамдар ташталат», – деди Дүйшөн Ирсалиев.

Дүйшөн Ирсалиев