Домой Негизги Дүйшөн Ирсалиев: “СДПК партиясы мамлекеттин тынчтыгы үчүн аракет кылып келген, кыла бермекчи”

Дүйшөн Ирсалиев: “СДПК партиясы мамлекеттин тынчтыгы үчүн аракет кылып келген, кыла бермекчи”

12

Эгерде мамлекеттин бүтүндүгү керек болсо добушту туура тандап добуш бериңиздер. Азыркы келе жаткан партиялар «акча берем, тигини кыйратам», – дегенине алданбайлы. Дүйнөлүк эксперттердин баамында Кыргызстан өнүгүп келаткан мамлекет болуп кошулду. Мунун баары Президентибиздин эмгеги. Бизге эми эмне керек? Туруктуу мамлекет керек. Акыркы жылдарда коррупция менен күрөшүү күч алып, мамлекет ырыскысын жегендер соттолуп мыйзам чегинде жазаланып жатат. Эми да бизге ишеним болсо биз дагы да болсо бул ишти улантабыз. СДПК партиясы ушул убака чейин мамлекеттин тынчтыгы үчүн аракет кылып келген, аракет кыла бермекчи. Бизге ишеним кылсаңыздар бирге жоопкерчиличти алабыз. Мен сиздер менен чогуу жүрөм, сиздерди уят кылбайбыз. Уруу-уруу, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй мамлекеттин келечеги үчүн туура добуш бериңиздер! Кыргызстандын жаштарынын, биздин балдарыбыздын келечегин бир күндүк тыйынга сатканга жол бербейли!

image-21-09-15-03-13-1image-21-09-15-03-13-7 image-21-09-15-03-13 image-21-09-15-03-13-6 image-21-09-15-03-13-5