Домой Кызыктар дүйнөсү Дүйнөнүн Ядердик куралга ээ болгон өлкөлөрү

Дүйнөнүн Ядердик куралга ээ болгон өлкөлөрү

7

Ядерлик курал боюнча азыркы тапта Америка кошмо штаты менен Россия атаандаш болуп жатканда алардан кем калбай Түндүк Корея жаңы  технологияны издеп жаткан учуру болсо Иран жана Бразилия да бул курал жарак менен камсыз экени маалым. толуктап булардын артынан көптөгөн мамлекеттер ядерлик курал даярдоого кызыгып анын үстүнөн кызуу иштешип жатканы баарыбызга маалым болуп эле калбадыбы. Алдыңарга 5 күчтүү ядерлик куралга ээ болгон мамлкеттерди тартуулайбыз. 

 

№ 5. Франция

Бул мамлекет 1960-жылы алгачкы жолу ядерлик сынагын өткөргөн. Алгач Франциянын ядерлик куралы начар, алсыз болсо азыркы тапта алар өздөрүнүн ядерлик куралы менен мактана алышаарлык абалга келди. .

 

№ 4. Англия

Англия  1952-жылы алгачкы ядерлик сыноосун өткөрүп көргөн. Бул ядерлик куралдын атын “Ураган” деп аташкан. Ангилия азыркы учурда ядерлик курал боюнча орчунду оорунду ээлеп дүйнө жүзүндө өзүнүн ядерлик курал боюнча төртүнчү орунду ээлеп келет.

 

№ 3. Кытай

Кытай  алгач 1964-жылы ядерлик снагын өткөрүп көргөн. Жыл өткөн сайын алардын ядерлик куралдары күч ала баштап, жакынкы жылдарда американы кууп жетүүгө белсенип жаткан учуру. Негизинен Кытай акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй күчтөнүп, бутуна туруп келе жатат.

Кытай куралы

 

№ 2.  Америка Кошмо Штаты

Экинчи орунду Америка кошмо штаттары ээлеп ал орунду эч кимге бербей келүүдө десек жаңылышпайбыз.   Американын ядерлик куралы эң күчтүү жана коопту деп саналганы бекеринен эместир. Азыркы учурда американын армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армия деп саналат..

 

№ 1. Россия

Ал эми биринчи орунду биздин кошуна мамлкетибиз Россия ээлеп келет. Россия алгач ядерлик сынагын 1949-жылы өткөрүп тарыхда өз ысымын “Сынак учурунда эң чоң ядерлик жардыруу өткөргөн” катары жазып койгон. Бул мамлекетке бир  да мамлекеттин ядерлик куралы теңтеш экенин баарбызга маалым.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №111