Домой Саясат Дыйканбаевдин өкүм зордугу

Дыйканбаевдин өкүм зордугу

0

Дыйканбаев Курманбек

Парламенттеги «Республика» фракциясынын өкүлү Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көлдөгү облустук казыятка жана «ВАМ» компаниясына кысым көрсөткөнү туурасында каңшаар тарады. Бизге жеткен маалыматка кулак түрсөк, Курманбек мырза бул эки мекемени өзүнө караштуу фирмага курулуш иштерин тапшырасың дегендей буйрук бериптир. Жетекчилери баш тартканынан ачууланган Дыйканбаев «ВАМды» тыюу салынган диний уюм катары парламент жыйынынан маселе көтөрөм деп опузалаптыр? Эгер «ВАМдын» жетекчилиги позициясынан кайтпаса, К.Дыйканбаевдин үнүн чоң жыйында угуп калгыбыз бардыр…

Айбат гезити №64