Домой Саясат Э.Бөлөкбаевдин көзүнөн Финполициядагы креслолор учуп атат, учуп атат…

Э.Бөлөкбаевдин көзүнөн Финполициядагы креслолор учуп атат, учуп атат…

4

Бөлөкбаев

Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигин кулатууда бутуна буту тийбей тызылдап чуркап жүргөн айрым саясатчылар кызматынан айдалып кетип, ошол эле бакиевчилерди кайра айланып-тегеренип калгандарына таңкалып бүтпөйатабыз.

Мындайлардын арасында Азимбек Бекназаровдун “соратниги” Эркин Бөлөкбаевдин таскагы катуу чыкты акыркы убакта. Ушундан улам анан көңүл калат экен, революцияны эл үчүн жасап атышат го деп ишенип жүрсөк, көрсө, булардын максаттары байлык менен бийлик экен да деп…

Анткени Бекназаров баш, Бөлөкбаев төш болушуп, кызматтан алынып, кайра илинбей калганда, туруктуу позиция, принцип дегенди аттап туруп, топурап Бакиевчилердин тобуна кошулуп алышканда жакабызды кармандык.

Анан дагы Курманбек Бакиевдин гезити “Жаңы Ордого” телефон чалып, Түркияга кеткен президент Атамбаевди барып алып келем, ал качып кетти деп айтканында, бул адамдын акыл эси сообу деген ойлор кетти.

Гезитке болсо анын чалып айтканын төкпөй-чачпай чыгарышыптыр, тим эле журналисттик чебердиктин туу чокусу катары кабылдап койдук.

“Депутаттар акталгандан кийин качып кетти да. Келиши күмөн. Аны качырбай алып келиш керек. Наке, бул бийлик жакында кете турган болуп калды. Түркиядан белек ала келейинби?”, – дептир Бөлөкбаев гезитке чыккан “шедеврге” ишенсек.

Улуту казак Бөлөкбаев алгач кыргызча оңураак сүйлөгөндү үйрөнүп алсачы, какап-чакабай, анан сүйлөсүнчү бирдемке деп.

Баары эле Атамбаевди кетире албай убара, ал кетсе Бекназаров Генпрокурорлукту, Бөлөкбаев Финполицияны басып жыгылабыз деп эчен түндөрү уктабай, көздөрүнөн жылуу кресло учуп атса керек…