Домой Видео Э.Каптагаевди барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголду

Э.Каптагаевди барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголду

8

Каптагаев ЭмилбекӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокурордун 1-орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Андан сырткары ал милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча да кылмыш иши козголгонун кошумчалады. “Ошондой эле 8-октябда Саруу айылында жолду тосуп, милиция кызматкерлерин сабап, алардын машинасын өрттөө фактысы боюнча да кылмыш иши козголду. Бул иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деди ал.

Башкы прокурордун 1-орун басары тынчтык митингинин бир катар белгилерин санап өттү. “Митинг качан тынч болот? Мыйзам боюнча башка бирөөнүн укугун тебелебей, коомдук тартипти бузбай, бирөөнүн ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирбей турган болсо гана тынч болот. Өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу мыйзам бузуучулуктун эң жогорку формасы – кылмыш деп эсептелинет”,- деди ал.

Айбат гезити №49