Домой Саясат Э.Карыбеков Куловдун ордун аңдып атабы?

Э.Карыбеков Куловдун ордун аңдып атабы?

3

Эрнест КарыбековӨзүн энергетика жаатында эксперт атап алган Эрнест Карыбеков аттуу адам «Ар-намыс» партиясынын төрага орун басарлыгын да аркаларын көпчүлүк биле бербесе керек. Ушу киши көптөн бери энергетикалык кризис тууралуу кеп салып, коомчулукту дүрбөтүп, Ак үй, Көк үйдү сындамайды адатка айландырып алды. Бул таптакыр логикага сыйбай турган нерсе эмес. Себеби анын жолбашчысы Феликс Кулов парламенттеги көпчүлүктү жетектесе, партиялашы Валерий Диль вице-премьер катары энергетика тармагын тейлейт. Эмне үчүн алар Э.Карыбековчосунан ойлонушпайт? Көрсө сырдын түйүнү мында экен. Эрнест мырза лидери Куловду ээрден оодарып түшүп, «Ар-намыстын» «эки тизгин, бир чылбырын» колго алганы атыптыр. «Бөрү карыса да бир койлук алы бар» демекчи, убагында өзүнө каршы чыккан Акылбек Жапаров менен Камила Талиеваны «саясый банкротко» учураткан Феликс Шаршенбаевич Карыбековго алдыра койбос.

Айбат гезити №112