Домой Саясат Эч жерге батпаган Суваналиев гезиттен бактысын тапсам дейт

Эч жерге батпаган Суваналиев гезиттен бактысын тапсам дейт

10

Өмүрбек СуваналиевАр кыл партияга «тийип чыкмай» жагынан «рекордсмен» атыккан Өмүрбек Суваналиев «Азия-Ньюс» гезитинин 12-февралдагы санына жалаяктай болгон маек куруптур. Анын бул «шедеврин» жиликтебей эле коелу, бир моментине гана токтололу. Ал апрель окуясынан кийин азыркы президент Алмазбек Атамбаевге барганын, ал ИИМ менен атайын кызматты сунуштаганын, ал сунушка макул болуп, Бишкек ШИИБ башчылыгына Мелис Турганбаевди дайындап берүүгө макулдук сураганда баш тартканын саймедирептир. Кызык, Бишкек ШИИБ башчысын министр өзү дайындашы керек эмеспи? Ал үчүн дагы жогорку жактын уруксатын алуунун зарылчылыгы жок. Ушундай жөнөкөй нерсени билбеген Суваналиев кантип министр, депутат, Бишкек мэри, президент болом деп жүрөт, ыя? Жогорку кызматты көксөгөнчө кичине сабаттуулугун жоюп албайбы?

Өмүрбек Исаакович 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо үч партияны «сатып» («Ар-намыс», «Ата журт», «Республика»), «Содружестводон» бактысын таппай, айталаада калганын көргөнбүз. «Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлөт» демекчи, ар кыл жээкке секирип жүрө берген Суваналиев «Үйдөн жок же Чүйдөн жок» калыптыр. Аны оппозиция да кошпой, генералдар катарынан чийип, Америка да «ары бар» дегендей жолго салыптыр. Ошондо аргасы кеткенде «абысыныбыз» Асланбек Сартбаевдин «Азия-Ньюсуна» жетип барып «арман күүсүн» чертип аткандагысы тура. Асланбек экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди айга, күнгө теңеп мактап жүрүп абакка тыгып тынды. Эми Өмүкенин «саясый жаназасын окутайын» дегенби?

Айбат гезити №115