Домой Саясат Египет президенти камалды

Египет президенти камалды

3

абдель фаттахЕгипеттин армия башчысы генерал Абдель Фаттах Сиси калкка карата теле кайрылуусунда президент Мохаммед Мурси бийликтен четтетилгенин жарыялады. Анын айтымында, Мурси египет элинин ишенимин актай албагандыктан, өлкө конституциясынын иши учурда токтотулган.

Президент тарапташ болгон “Мусулман агайындар” ислам кыймылы Мурси аскер базасында камакта экендигин айтып чыкты. Бул кыймылдын мурда бийликте отурган дагы эки бараандуу мүчөсү да кармалгандыгы жөнүндө каңшаар тарап кетти. Президенттин Каирдин борборундагы Тахрир аянтында чогулган он миңдеген каршылаштары аскер кызматчыларынын билдирүүлөрүн кубанып, кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Фейерверк жана ыр-бий менен коштолгон майрамдоолор түнү бою уланды.

АКШ президенти Барак Обама Египет аскерлеринин Мурсини бийликтен кетирүү жөнүндөгү чечимин терең кооптонуу менен кабыл алгандыгын билдирди. Ошондой эле, Обама өлкөдө башкаруунун жарандык формасын тезинен калыбына келтирүү зарылдыгы тургандыгын да баса белгилеп өттү. АКШ президенти Египет армиясы бардык египеттиктердин укуктарын бирдей коргой ала тургандыгына ишенич артат.

Америка бийликтери Египеттен дипломаттарынын кээ бирлери жана алардын үй-бүлөлөрү чыгарыла тургандыгын айтышты.