Домой Кылмыш Эки казак жараны кыргыз-казак чегарасынан 50 бодо малды өткөрүп кетүүгө аракет жасаган

Эки казак жараны кыргыз-казак чегарасынан 50 бодо малды өткөрүп кетүүгө аракет жасаган

21

1Бул тууралуу Казакстандын Чегара кызматы билдирет.««Аксуат» чегара бекетинин кызматкерлери түнкү саат 03.00дө эки казак жаранын кармашкан. Алар Кыргызстандан «КамАЗ» жана  Мersedes Bens машиналары менен мыйзамсыз түрдө 50 бодо малды өткөрүп кетели дешкен», – деп айтылат бул тууралуу билдирүүдө. Кылмышкерлерди кармоодо асманга эскертүү үчүн ок чыгарылган. Жабырлангандар жок. Учурда бул факт боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

Айбат гезити