Домой Коом Экинчи КГБ түзүлөбү?

Экинчи КГБ түзүлөбү?

6

newspapers-2301-risЖума башында 20 чакты журналист борбордогу чайханалардын биринде чайлашып отурушту. Бул жөн гана чайлашуу эместиги, мунун артында саясаттын каңырсыган жыты буруксуп жатканы дароо мурдубузга өрдөп кетти. Себеби «Kyrgyztoday.kg» сайтынын саясий баяндамачысы Азизбек Келдибеков салтанаттын башкы уюштуруучусу болуптур. Ал эми А.Келдибековдун артында Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбеков турарын билебиз.
Дасторкон үстүндө өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып, 4-бийлик өкүлдөрүнүн башын кошкон жаңы кыймыл түзүү демилгеси көтөрүлүптүр. Ал КГБ («Кыргыз гезиттеринин биримдиги») сыяктуу оппозициячыл маанайда саясат жүргүзөт экен.
Убагында Бабырбек Жээнбеков да КГБнын арты менен антимонополдук комитеттин башына келди эле, эми анын уулу Равшан Жээнбеков журналисттерге таянып, майлуу устукан «мүлжүгөнү» жатабы?

Айбат гезити №68