Домой Саясат Эксперт: Атамбаев Өзбекстанга бармайын чек ара маселелери жарала берет

Эксперт: Атамбаев Өзбекстанга бармайын чек ара маселелери жарала берет

4

артур медетбеков“Чек арадагы маселелер президент Өзбекстанга расмий бармайынча улана бериши ыктымал”, -деп билдирди “ВБ”га аскер эксперти Артур Медетбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарачыларынын ортосунда болгон жагдайга комментарий берип жатып.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди талкуулаганча мындай жагдайлар улана берет.

“Бул маселе эгемендүүлүктү алгандан бери келе жатат. Анын себеби КРнын аймагындагы төрт өзбек анклавына жана биздин өзбек тараптагы бир эксклавыбызга байланыштуу чыгып жатат. Ал жактагылар бири-бирине тууган, жакын болуп өз ара катышып жатат, бирок ошол эле маалда айрым учурда чек ара тартибин бузушууда. Ошондой эле кыргыз аскерлери чек ара тилкесинде тез кызматка турган эмес, ал эми өзбек тарап бир эле участогунда төрт-беш застава коюшкан”,- дейт Медетбеков.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227838