Домой Коом “Элдик лотереянын” кеңесинде мыйзамсыз лицензия берүү фактысы боюнча тинтүү жүргүзүлдү

“Элдик лотереянын” кеңесинде мыйзамсыз лицензия берүү фактысы боюнча тинтүү жүргүзүлдү

3

Элдик лотоИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жана СОБРдын кызматкерлери  11-февралда «Элдик лотереянын» кеңсесинде Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында текшерүү жүргүзүштү.

Бүгүн ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдиргендей, имаратка тинтүү жүргүзүү түнкү саат бирге чейин созулду. «Алар кеңседеги бардык документтерди, компьютерлердеги маалыматтарды текшерип чыгышты. Текшерүү бүгүн да улантылат», – деди ал.

Сеитов, «Элдик лотерея» ЖЧКга Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан мыйзамсыз лицензия берүү фактысы боюнча иш козголгонун белгиледи жана учурда ЖЧКнын лицензиясы алынганын кошумчалады. Эске салсак, кечээ ИИМден АКИpress’ке «Элдик лотереянын» кеңсесинде кылмыш иштин негизинде ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп жатканын маалымдашкан.

Айбат гезити №115