Домой Негизги Элдик “шпион” Турсунбек Акун

Элдик “шпион” Турсунбек Акун

0

Турсунбек АкунӨткөн  гезиттибиздин  чыгарлышында ( №80, 30 май) элдик акыйкатчы Турсунбек Акун  кантип элди кабыл алып жатканы жөнүндө макала жазган элек. Ушул жумадагы ММКларга берген  маегинде ““Айбат” гезитти калп жазып, мени элге  жаман көргөзүп жатат” деген пикирин айткан. Эгер, андай болсо неге анда ал ММКларга берген маегинде кеңсеси бар экенин далилдеп, ошол эле учурда “ал кеңсе жөнүндө эч кимге айтпаңыз” деген, деп моюнуна алып жатканы, бизди гана эмес сизди да кызыктырып жатса керек?  Биз калп айтсак анда кайсы чет элдик уюм каржылап жатканын далилдеп бере алат бекен? Азыр “бекеринен мышык мыёлобойт”, чет элдик уюмдар жөн жерден эле  каржылабайт жана жөн жерден кеңсе бербеси баарыбызга белгилүү. Акун мырзанын өзүнүн айткан сөзүнөн жыйынтык чыгарсак, анда ал “иностраньный агент” же “шпион” болуп жүрбөсүн?

Турсунбек Акундун берген маегин өзгөртпөстөн берели:

– Мага “Хаятт” мейманканасынан кеңсени эл аралык көрүнүктүү уюм ижарага алып берген эле. Мен саясатка аралашкан адаммын, ал эми эл аралык уюмдар саясатка аралашпайт билесиздер. Мага кеңсени берип жатышканда “сизге бул жерден кеңсе берилгенин эч кимге айтпаңыз. Кеңсеңизге эч кимди кабыл албаңыз,” – дешкен эле. Ошондуктан келгендерди фаеден кабыл алып жаткам.

Айбат гезити №81