Домой Коом Электр тогун Казакстан жана Өзбекстан аркылуу транзиттөөгө төлөм жылына 14 млн долларды...

Электр тогун Казакстан жана Өзбекстан аркылуу транзиттөөгө төлөм жылына 14 млн долларды түзөт

3

электрБул тууралуу  “ЮНИСОН” коомдук фонду тарабынан уюштурулган электр тогун колдонуучулардын укугун коргоо жана энергия натыйжалуулугун арттыруу боюнча жыйында Николай Кравцов билдирди.

Жылуулук-энергетикалык комплекстеги ачыктык демилгесинин өкүлү Николай Кравцовдун айтымында, бүгүнкү күндө Казакстан жана Өзбекстан аймагы аркылуу электр тогун транзиттөөгө жылына 14 млн доллар төлөнөт. Бирок бул сумма жеткен чеги эмес. Айрым маалыматтарга караганда, коңшу мамлекеттер транзит төлөмүн жогорулатышы мүмкүн. “Төлөм 2-4 эсе жогорулайт деп айтылууда. Андай болсо баа 28-56 млн долларга жетиши мүмкүн”, – дейт Н. Кравцов.