Домой Коом «Эмгек» партиясынын Жаштар канатынын мүчөлөрү Апрель баатырларын эскеришти.

«Эмгек» партиясынын Жаштар канатынын мүчөлөрү Апрель баатырларын эскеришти.

0

2010-жылдын 7-апрелинде болгон каргашалуу окуяда кан төгүлүп, күнөөсү жок эр азаматтарыбыздын курман болушу, кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат.

Эмгек партиясы (1)Эмгек партиясы (2) Эмгек партиясы (3) Эмгек партиясы (4) Эмгек партиясы (5) Эмгек партиясы (6)

“Эмгек” партиясынын Жаштар канатынын мүчөлөрү, борборубуздун жаш активисттери менен бирге Апрель  баатырларынын эстелигине таазим кылып, эскеришти.

2015-жылдын 5 – апрелинде болуп өткөн эскерүүгө “Эмгек” партиясынын лидери Салымбеков Аскар Мааткабылович, өзү катышып, сөз сүйлөп, ачып берди.

Андан соң, жаштар “Ала-Тоо” аянтына барып баатырлардын эстелигине гүл коюп, куран окутуп, курман болгондор эскерилгенден кийин Кыргызстандын бийлигине жана жалпы жарандарга кайрылуу жолдошту. Бул учурда “Апрель баатырларына таазим” деген  жазуу бийик көтөрүлүп, асманга учурулду.

Андан соң “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, апрель баатырларынын мүрзөлөрүнө гүл коюшуп, куран окушту.

Айбат гезити №123