Домой Саясат Эркин мырза бийликти сындаганча, дарактын түбүндө заара ушатканын токтотсо…

Эркин мырза бийликти сындаганча, дарактын түбүндө заара ушатканын токтотсо…

1

Эркин Алымбеков“Ата мекен” партиясынан 5-чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланып, кийинчерээк “Кумтөр” маселеси көтөрүлгөндө сөзүнөн жаңылып, бармагын тиштеген боюнча мандатын тапшырган Эркин Алымбеков деген бар. Депутат кезинде “жинди сууга жиниккен бойдон” таксиге түшүп алып оозуна келгенди оттоп, ал аз келгенсип дарактын түбүнө заара ушатканы да эсибизде.

Эми ушул эрен элге акыл айтып, бийликти жөнсүз сындап чыгыптыр. Анын кебине кулак, салсак өлкө башчысы чөнтөк парламентти түптөп, сот системасын талкалаган имиш. Бирок, Эркин мырза парламентте президентке каяша айтып, аны сындаган бир катар лидерлердин фракцияларын унутуп койсо керек. Ал эми сот тармагынын азыркы абалына келишине жана соттук реформалардын аягына чыкпай жатышына Алымбековдун да күнөөсү бар. Сот тармагын президент эмес парламент тандаган атайын деп каалагандай калчап жатканын Эркин мырза эсинен чыгарбаса.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)