Домой Коом Эртең Бишкекти айрым райондорунда жарык өчүрүлөт

Эртең Бишкекти айрым райондорунда жарык өчүрүлөт

2

ампыЭртең, 28-августта Бишкектеги “Көлмө” конушундагы Кулиев, Мыскал, Максат көчөлөрүндө саат 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Ошондой эле, 28-августта Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Октябрь, Кайырма, Аламүдүн айылдарындагы (Чугуев, Панфилов, Алма-Ата, Горький, Чернышевский, Гоголь көчөлөрүндө), ГЭС районунда, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндөгү (Карл-Маркс, Тоголок Молдо, Тельман көчөлөрүндө), Бекитай, Петропавловка айылдарында (Совет көчөсүндө) саат 9-00дөн 17-00гө чейин жол бойлото тартылган 10 кВ аба электр берүү чубалгысындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, кемтик изоляторлорду, зымтиректерди алмаштыруу иштерине байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн