Домой Коом Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

2

сууЭртең 30 июлда саат 9:00дон 20:00гө чейин Бишкектин айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүндөгү Д-400 суу куурунда жүргүзүлүүчү ремонт иштерине байланыштуу Ибраимов, Огонбаев, Сүйүмбаев, Москва көчөлөрүн таза суу менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат.

Курулуш жана монтаждоо иштерин “Кайнар” ишканасы жүргүзөт.