Домой Коом Эс алуу багына караштуу жер тилкесин Нариман Түлеев турак-жай курууга берип койгону...

Эс алуу багына караштуу жер тилкесин Нариман Түлеев турак-жай курууга берип койгону кандай?

4

БакчаКоррупциялык беренелер боюнча айыпталып жаткан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин дагы бир мыйзамсыз иши ачыкка чыкты. Көрсө, Түлеев Кытайдан кымбаттатылган баада автобустарды гана алып келгенди билбестен, жалпы эл колдоно турган эс алуу багынын жер тилкесин турак-жай куруу үчүн өзүм билемдик менен берип койгонду да жакшы өздөштүргөн экен. Бул туурасында Бишкек мэриясы маалымат агенттиктеринин бирине билдирген. «Турбаза жайгашкан райондун аймагындагы жашыл зонанын жер тилкелери 2005-2007-жылдары турак-жай үйлөрүн курууну көздөгөн адамдар тарабынан басылып алынган. 2009-жылы шаар мэри болуп турган Нариман Түлеев тийиштүү кызматтарга «Ак-Тилек Турбаза» жаңы конушунун аймагында жайгашкан жалпы колдонуу статусуна ээ парк зонасын турак-жайларды курууга ылайыктуу кылып документтеринин долбоорун өзгөртүү тапшырмасын берген» деп билдирет мэрия. Бишкек башкы архитектурасы тарабынан бул жер тилкелерин жеке менчик үйлөрдү курууга колдонуу жалпы колдонуу статусун алып салуу схемасы даярдалган. Бирок азыркы тапта ал схема Бишкек башкы архитектурасында жылан сыйпап кеткендей жок болуп чыккан. Азыркы тапта «Ак-Тилек Турбаза» конушунда 205 үй мыйзамдан тышкары өз алдыларынча эле курулуп калганы белгилүү болуп турат. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Нариман мырза шаарыбызды көрктөндүрбөй эле, тескерисинче бак-дарагы көйкөлгөн парктарыбызды талкалап жүргөн турбайбы, көрсө…

Айбат гезити №104