Домой Экономика Эсеп палатасы: Ибраимова Келдибековдун камалышына комментарий берген эмес

Эсеп палатасы: Ибраимова Келдибековдун камалышына комментарий берген эмес

11

Ибраимова ЭльмираМаалымат каражаттардын биринде “Келдибековдун эч күнөөсү жок” деген материалында Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын маегинин айрым жерлери колдонулган.

Эсеп палатасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган маек 2011-жылдын 1-июлдан 31-декабрга чейинки мөөнөттө Жогорку Кеңеш жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн бюджеттик жана атайын каражаттарды колдонулушун текшерүү натыйжасы боюнча болгон.

Буга байланыштуу маалымат кызматы маек 2013-жылдын 10-апрелинде уюштурулганын жана Келдибековдун камалышына эч тиешеси жоктугун белгилейт.

Айбат гезити №55