Домой Саясат Эшимов элди кыдырып, бата алып жүрөт

Эшимов элди кыдырып, бата алып жүрөт

4

Эшимов

Учурда ЖК депутаттары шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдө. «Республикачы» депутатАкылбек Эшимов дагы 3-августтан бери Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрүн кыдырып, карапайым калктын көйгөйлөрү менен жакындан таанышып чыкты. «Элибиз менен жолугушуулар абдан жакшы өтүүдө. Тез арада чечүүнү талап кылган маселелер арбын экен. Алардын бирин калтырбай Жогорку Кеңештин сентябрдагы алгачкы отурумдарында алдыга жайып, өкмөткө жеткирем. Элдин көйгөйүнүн чечилишин өкмөт менен биреликте көзөмөлгө алабыз» дейт ал.

 

Жолугушуу менен катар орозо кармаган адамдарды ооз ачтырууну унутта калтырган жок. Акылбек мырза ушу тапта Кара-Суу районундагы ар бир айыл өкмөтүнүн тургундарынын ооз ачтырып, тамак тартып жүргөнүн эскерте кетели. Мусулманчылыктагы беш парздын бирин аткарып, орозо кармап жүргөн пенделердин оозун ачтырып, батасын алган Эшимовго баракелде!