Домой Коом Европа Биримдиги Улуттук статкомго 21 смартфон сатып берди

Европа Биримдиги Улуттук статкомго 21 смартфон сатып берди

7

ЕС

Европа биримдиги, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетине 21 смартфон сатып берди. Алар аркылуу соода жайларынан түздөн-түз катталган керектөө бааларын регистраторлор берип турмакчы. Ал онлайн-режимде борбордук деңгээлде маанилүү маалыматты алганга мүмкүндүк түзмөкчү. Бул тууралуу кечээ, 16-июлда КРдеги ФАОннун өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кийинки аптада Улуттук статистикалык комитеттин адистерине смартфондорду пайдалануу боюнча окутуучу семинар болот. Мындан тышкары долбоордун алкагында 2014-жылдын декабрь айына чейин интернет-трафик сунушталмакчы.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227468