Домой Саясат “Фабула”: Аз калыптыр, Жаныш жакындаптыр!

“Фабула”: Аз калыптыр, Жаныш жакындаптыр!

5

Жаныш Бакиев

Көлдөгү окуя менен Жалал-Абаддагы башаламандык бир жип менен байланышкандай элес калтырууда, деп жазат “Фабула” гезити.

Ошондой эле гезит Роза Отунбаеванын “бул окуялар алдын ала даярдалган, бийликти басып алууга болгон аракет” -деген баасы чындыкка жакын экенинин кошумчалады.

“УКМК, ИИМ оозун ачып, уктап жатканда Ысык-Көл менен Жалал-Абадда чагылгандай тездик менен башаламандык башталды. Ал ортодо 31-май күнү Баткендеги тажиктердин Ворух анклавынын жанында эки улуттун ортосундагы жаңжал оту тутана жаздап, эки тараптан 50-60дай адам кырды бычак кырдаалга кептелишкенде, Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов тажик кесиптеши менен байланыша калып, жолду убактылуу жаап ташташты. Токон мырзанын чечкиндүү аракеттеринин, оперативдүү ой жүгүртө алган иш билгилигинин натыйжасында кырдаал жөнгө салынды”, – дейт “Фабула”.

Гезиттин маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев 300дөй тишине чейин куралданган жалданма баш кесерлерди даярдап, Тажикстанда даяр турган. “Уйку-соонун ортосунда ыңгыранып жүргөн биздин күч структураларыбыз күчүнүн жарымын Ысык-Көлгө, калганын Жалал-Абадга жиберип, алапайын таппай кайсалактап атканда жаны тынбаган Жаныш Бакиев баш кесерлерин жетелеп алып, түштүк аймагын басып калмак дагы кызыл кыргынды ошондо салмак экен”, деп билдирет гезит.