Домой Саясат Фабула: Кыргызстан Өзбекстандын аймагына айланабы?

Фабула: Кыргызстан Өзбекстандын аймагына айланабы?

4

Kyrgyzstan_Uzbekistan_Locator

Ала-Букадагы Орто-Токой көлүнө жакын аймакта өзбекстандык 42 үй бүлө жашап жатыптыр. Алар Кыргызстандын аймагында жашаган Өзбекстандын жарандары экен. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов айтып чыкты, деп жазат «Фабула» гезити 14-июндагы санында.

Гезитте белгиленгендей, коңшу өлкөлөрдүн жарандары ушинтип чек арага жакын аймактагы Кыргызстандын жерине акырындан кирип отурукташа берип, биздин жер деп талашкан учурлар көп кездешип жатканына карабай бул жагдайга көңүл бурган бир дагы укук коргоо органдары жоктугу күйдүрөт. Коңшу мамлекеттирдин ушундай жылма экспанциясынын кесепетинен канча жерден айрылдык айтыш кыйын. Өлкө жетекчилери өткөндөн сабак алып, чек ара аймагына мыйзамсыз кирип, отурукташып алгандарга чара көрбөй жатышы өкүндүрбөй койбойт.

«Качанкыга чейин мындай кайдыгер мамиле өкүм сүрө берет? Эртең, Исхак мырза айткан Өзбекстандын жарандары «бул биздин жер» деп чыгып, жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыкканда араң козголушабы? Бул майда көрүнгөн бирок маанилүү жагдайга көңүл буруп, чара көрүү зарыл», – дейт гезит.

Булак : «Фабула»