Домой Саясат Феликс Кулов: “Мамлекетти ойлойлу”

Феликс Кулов: “Мамлекетти ойлойлу”

8

Феликс КуловЖогорку Кеңештин кечээги отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Жыйын жүрүшүндө «ар-намысчы» Феликс Кулов айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кырдаалды чайпалтууга аракет кылып атканын, аларды көпчүлүк колдобой турганын билдирди.

Феликс Шаршенбаевичтин айтымында, айрым кыйынчылыктарды эл туура кабыл алууда жана бийлик көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшап атат. «Айрым адамдар өздөрүн оппозиционер атап атышат, алардын артынан эл ээрчибейт. Элдин атынан президент менен парламент гана сүйлөй алат. Ал эми өздөрүн оппозиция санап, жазында революция болот дегендер – «эл душманы» деген Ф.Кулов маалымат каражаттарын дагы чындыкты жазууга, мамлекеттин эртеңин ойлоого чакырды.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №104