Домой Саясат Феликс Кулов: “Президент Аида Салянованы ар дайым коргоп келген”

Феликс Кулов: “Президент Аида Салянованы ар дайым коргоп келген”

7

Феликс Кулов“Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн ишин көрсөтүшү керек болчу, ал көрсөттү”, -деп билдирди, 11-февралда парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Феликс Кулов экс-башкы прокурор Аида Салянованын брифинги болуп өткөндөн кийин анын берген маалыматына комментарий катары оюн билдирип жатып.

Салянованын брифингинен соң эки анжы ойдо калганын белгиледи. “Резонанс жараткан кылмыш иштерин эске алганда Саляновага карата коркутуулар болуп жатышы толук мүмкүн. Аны башкы прокурордун кызматынын кетирбей коюшса туура болмок деп эсептейм. Салянова эң мыкты иштеген. Бирок бир четинен Салянова президенттин дарегине карата негизсиз таарыныч айтты көрүнөт. Мен үчүн анын таарынычы мамлекет башчысына байланышканы таң калтырды, анткени президент аны дайыма коргоп келген”, -дейт Кулов.

Булак: «Кабар ордо»

Айбат гезити №115