Домой Негизги Феликс Кулов президент менен Тышкы иштер министрлигинин Беларуссияга кайрылуусун толугу менен колдойт

Феликс Кулов президент менен Тышкы иштер министрлигинин Беларуссияга кайрылуусун толугу менен колдойт

6

Феликс КуловМен президент менен ТИМдин Беларусия боюнча кайрылуусун толугу менен колдоймун. Мындай оюн “Ар-Намыс” фракциясынын лидери агенттиктердин бирине берген маегинде билдирген. “ Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанга экстрадицияланып, кылмыш жоопкерчилине тартылуусун баардык жарандар кубаттайт. Минск конвенсиясына ылайык, кылмышкерди сураган өлкөгө аны өткөрүп берүү керек. Бирок, Беларусия мындай талапты аткаруудан баш тартып Бакиевдердин үй-бүлөсүн бүгүнкү күнгө чейин калкалап келет. Президенттин бүгүнкү чукул билдирүүсүнөн кийин расмий Минск сөзсүз түрдө оң жооп бериши керек. Анткени, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алгачкы жолу мамлекет башчысы кылмышкерди кайтарып берүүнү талап кылып жатат”, – дейт Кулов.

Айбат гезити №117